Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

Мексика: 20 жаштагы студент полициянынын акими болду


Мексикада 20 жаштагы студент кыз Марисол Валлес шаардык полициянын акими болуп дайындалды. АКШ чек арасындагы 10 миң калктуу Гуадалупо Дистрито Браво маң аткезчилеринин тынбаган аткылашуулары менен өлкөдө белгилүү. Шаардын мурдакы мэри Йесус Мануэл Лара Родригес июнда “жаныңды сакта” деген эскертүү алгандан кийин үйүндө өлүк табылган.

Азыркы мэр Хосе Луис Герреро 20 жаштагы студент кыз бардык талапкерлерде мыкты болгону үчүн полиция акимине тандалганын билдирди.

Марисол Валлес - Сиудад Хуарес шаарындагы университетте криминалдык факультетте окучу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG