Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Иш таштоолордон Франция күнүнө 300 млн.евро зыян тартууда


Францияда пенсия жашын көтөрүүгө каршы жалпы элдик иш таштоолор уланууда. Демонстранттар бүгүн Марселл шаарынын аэропортун камоого алышты. Мунай иштетүүчү ишканалар менен май сакточу кампаларды иш таштоочулар курчап алгандыктан, өлкөдөгү май куйуучу жайлардын төрттөн биринен көбү какшып турат. Нааразылык акциясына студенттер да кошулуп, апта башында Париждин чет жакасында жана Лиондо кагылышуулар болду. Мындан улам Парижде поп-ырчы Леди Гаганын эки концерти болгон жок.

20-октябрда президент Николя Саркози полицияга мунай иштетүүчү ишканалардын жолун демонстранттардан тазалоону буйруду. Экономика министрлигинин эсебинче, иш таштоолор Францияга күнүгө 300 миллион евро чыгым келтирүүдө.

XS
SM
MD
LG