Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Клинтон: Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын сыйкырдуу формуласы жок


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтондун сөзүнчө, палестиндер менен израилдиктер үчүн тынчтыкка жетүүнүн сүйлөшүүдөн башка сыйкырдуу формуласы жок. Клинтон айым мындай пикирин 20-октябрда Вашингтондо палестиндердин таламын жактаган топ менен кездешип жатып айтты:

- Бул түнү силердин алдыңарда туруп, Жакынкы Чыгыштагы туңгуюктан алып чыкчу кандайдыр бир сыйкырдуу формуланы айта албайм. Бирок биз күн сайын, кээде саат сайын сүйлөшүүгө зарыл шарт түзүү жана ийгиликке жетишүү үчүн иштеп жатканыбызды айта алам. Биз эки жакты тең өз ара ишенимге же сүйлөшүүнү бүткөрүүгө тоскоол болчу ар кандай аракеттен сактанууга үндөйбүз.

Клинтон айым Израил премьер-министри Бенямин Нетаняху жана Палестин президенти Махмуд Аббас эки мамлекет түзүүнү жактарын белгилей кетти. Палестин тарап Батыш Иорданда жөөт конуштарын курууну уланткандан кийин сүйлөшүүнү токтоткон. Ошентип АКШ арачылык кылган Израил-Палестин сүйлөшүүлөрү сентябрдын башында башталып, эки айга жетпей токтоп калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG