Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Милиция башчысын өлтүргөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу суралды


Нариман айлында Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султановду жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевди өлтүргөн деп айыпталып жаткан он киши: Азиз Таширов, Бахадыр Жороев, Фахриддин Ашуров, Мирзахид Салиев, Хасанбай Талипов, Абдилазиз Азимов, Шахбоз Абдуллажанов, Дилшад Ахроров КР кылмыш жаза кодексинин 230-233-97-340-беренелери боюнча айыпталууда, мамлекеттик айыптоочу буларды өмүр бою эркинен ажыратууну соттон сурады. Азиз Таширов июнь окуясынан кийин Алматыда качып жүргөн жеринен кармалган.
Ал эми Улугбек Расуловду массалык баш-аламандыкка чакырык таштап, Нариманда жашаган азербайжан, түрк жана башка улуттагы адамдарды коркутканы үчүн 8 жыл, киши өлтүрүп жаткандарды карап туруп, чара көрбөгөндүгү үчүн Мирадил Кучкаровду 12 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.
Сотко катышып жаткан кабарчыбыздын маалымдашынча Наримандагы милиция кызматкерлерин өлтүрүү окуясы боюнча акыркы эки күндөн бери өтүп жаткан соттук териштирүүдө тараптар жарыш сөзүн сүйлөп бүтүштү. Ушул тапта адвокаттар акыркы сөздөрүн айтышууда.

Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султанов менен анын айдоочусу, старшина Уран Шамурзаев 13-июнь күнү Нариман айлына чатакташкан улуттарды элдештирүү үчүн барган кезинде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG