Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Чек арада жарадар болгон жаран Өзбекстанда


Сузактагы чек арада өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болгон кыргызстандык жаран азыр Өзбекстандын Ханабад шаарындагы ооруканада дарыланып жатканын "Азаттыкка" бүгүн Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абадда өзбек чек арачылары менен кыргызстандык койчулардын ортосундагы окуяларга байланыштуу өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алгачкы жыйынтыктар боюнча өзбек чек арачылары Сузактан айдап кирип кеткен 471 баш койду жана Ноокенде автоунаага жүктөп кеткен 31 койду кайра Кыргызстанга кайтарып беришмек болгон, бул маселе бүгүн ишке ашырылат. Ошол эле учурда Ханабадда дарыланып жаткан кыргыз жаранынын ден соолугу мүмкүнчүлүк берсе, аны да Сузакка алып келүү маселеси чечилет.

19-октябрда Сузактын Төбөй айылынын тургуну, 27 жаштагы Тагаев аттуу жигитти Таш-Акыр жайлоосунда кой кайтарып жүргөн жеринен өзбекстандык чек арачылар эки бутуна атып жарадар кылышып, 472 баш койду өз аймагына айдап кирип кетишкен. Эртеси күнү Ноокендин Момбеков айылына жакын кыргыз-өзбек чегинде өзбекстандык чек арачылар кыргызстандык эки жаш баланы сабап, отуздан ашуун койду ГАЗ-66 автоунаасына жүктөп, өз өлкөсүнө алып кирип кеткени кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG