Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Наримандагы киши өлтүрүү боюнча сот аяктоо алдында


Бүгүнкү соттук териштирүүдө тараптар жарыш сөз сүйлөп, андан кийин акыркы сөзгө уруксат берилди. Мамлекеттик айыптоочу айыпталып жаткандардын сегизин өмүр бою, бирөөнү он эки жыл, бирөөнү сегиз жыл эркинен ажыратууну соттон сурады. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары соттолуучуларга өкүм чыгарда жеңилдиктерди берүүсүн соттон өтүнүштү. Айыпталып жаткандардын дээрлик бардыгы Кара-Суу райондук милиция башчысы менен айдоочусун өлтүрбөгөнүн, коюлган күнөөнү мойнуна албасын билдиришти. Айрымдары милиционерлерди өлтүргөн чыныгы күнөөлүүлөр эчак эле Орусияга качып кеткен деп айтышты.
Соттук териштирүү 29-октябрда уланмак болду. Анда өкүм чыгарылышы күтүлүүдө.(SA;ZKo)

XS
SM
MD
LG