Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 01:46

Тынчтык кеңеши талиптер менен сүйлөшүүгө Саудияны арачы көрөт


Ооганстан Тынчтык Кеңеши өкмөт менен талиптердин элдешүүсүнө Сауд Арабиясы арачы болуусун каалайт. 70 мүчөлүү кеңешти Ооган өкмөтү жакында түзгөн. Кеңештин өкүлү Кыямиддин Касааф бүгүн билдиргенге караганда, эки жактын сүйлөшүүсү үчүн Саудиядан артык жер жок жана падыша Абдулла эки жылга чукул аралыктан бери токтоп турган сүйлөшүүнү кайра улантуунун демилгечиси болушу керек.

Сауд Арабиясы талиптер менен байланышты 1990-жылдардын башында Ооганстандагы жарандык согуш маалында түзгөн.
Ооган өкмөтү талиптердин кээ бир лашкер башчылары менен сүйлөшкөнүн билдирди. А талиптер алардын өкүлү Ооган өкмөтү менен эч кандай сүйлөшүүгө барбаганын айтууда

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG