Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Саркози: Пенсия реформасы бюджет тешигин бүтөгөнгө керек


Францияда пенсия жашын көтөрүүгө каршы чыккан демонстранттар 21-октябрда Марселл шаарынын аэропортун камоого алышты. Мунай иштетүүчү ишканалар менен май сакточу кампаларды иш таштоочулар курчап алгандыктан, өлкөдөгү май куйуучу жайлардын төрттөн биринен көбү какшып турат.

Франциянын эң чоң кесиптик союзу келерки аптада да жапырт иш таштоо өткөрүүгө чакырды. Президент Саркози 21-октябрда жумушчулар менен болгон кездешүүдө реформа бюджеттин олчойгон дефицитин кыскартууга багытталганын белгиледи:

-Жаштар бүгүн эмгек рыногуна улам кеч кошулууда. Себеби, алар мурдакыдан узак окушууда. Бул жакшы иш. Карылар бара-бара узак жашашууда. Анткени, болжолдуу өмүр курагы узарууда. Жумуш курагын узартпасак, маселени(бюджет тартыштыгын) кантип чечебиз.

Франциянын Сенаты пенсияны реформалоо боюнча мыйзам долбоорун жума же ишемби күнү колго салат. Экономика министрлигинин эсебинче, иш таштоолор Францияга күнүгө 300 миллион евро чыгым келтирүүдө. Реформада 2018-жылдан азыркы 60 жаштын ордуна 62 жаштан пенсияга чыгууга каралган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG