Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Түркиянын музей-чиркөөсүндө немис диниятчылар таат өткөрдү


Германия президенти Христиан Вульф Түркиянын Тарсус шаарында тарса чиркөөсү өткөргөн диний ибадатка катышты. 19-кылымда курулган Ыйык Павел чиркөөсүндөгү зыяпатты германиялык эки диниятчы жетектеди. Чиркөө азыр музей болгондуктан, ал жерде месса өткөрүү үчүн Түркия бийликтеринин уруксаты керек болду. Таатка Түркиянын грек ортодокс, армян жана сириялык ортодокс чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Президент Вульф ибадаттан кийин журналисттерге берген интервьюда Түркия өкмөтү өлкөдөгү 100 миң чамалуу тарса азчылыгынын диний эркиндигин камсыздаганын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG