Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Чилиде куткарылган кенчилер шахта жетекчисин сотко беришет


Шахтерлордун адвокаты айтканына караганда, куткарылган 33 кенчинин 31и “алардын 70 күн жер астында калышына ким күнөөлүү экенин аныкташ үчүн” сотко арыздарды даярдап жатышат. Кенчилердин биринин айтымында, алар кырсыктан үч сааттай мурдараак операторго “шахтада дубалдар адаттагыдан алда канча катуу, башкача кырчылдап жатканын айтып, элди жер үстүнө чыгарууну суранышкан”. Бирок жетекчилик ага уруксат берген эмес. Чилидеги ал шахтада кырсык 5-августта болгон. Кенчилерди 13-октябрда гана куткарышты. Алар 700 метр тереңдикте кармалып калышкан эле.

XS
SM
MD
LG