Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Президент шайлоо тууралуу билдирүү жасады


Президент Роза Отунбаева өзүнүн видео күндөлүгүндө кайрылуу жасап, шайлоодон кийинки абал тууралуу билдирүү жасады. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо протоколдорун салыштыруу, текшерүү үчүн бир аз убакыт керек болуп турат. Протоколдор салынган мөөр басылган баштыктарды ачуу иштерине бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, партия өкүлдөрү көз салууда.

Р.Отунбаева ошондой эле алдын-ала эсептөөлөр боюнча парламентке өтүшү мүмкүн болгон партия лидерлери менен жолугушканын, коалиция түзүү маселесин терең талдап чыгуу керектигин билдирет. Анын айтымында, саясий партия лидерлери “биз бириктик” деп жөн гана алакан кысып койбошу керек. Коалиция түзүүдө бириге турган партиялар экономикалык, социалдык саясат, тышкы саясат жаатындагы кайсы проблемалардын үстүндө биргеликте иштей тургандыктарын коомчулукка билдирүүлөрү керек.

Ошондой эле президент өлкөдөгү кырдаалга токтолуп, Жогорку Кеңештин мурдагы имаратынын айланасындагы митингдер өлкөдөгү туруктуулукка шек келтирип атканын, андыктан бул жаатта иш-чаралар аткарыларын билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG