Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Б.Жолчиев: Табигый кырсыктарды алдын алуу иштери жүрүүдө


Соңку күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолорго кар калың жаады. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Бакир Жолчиев өлкөдөгү кырдаал тууралуу айтып берди.

- Соңку кездери жылуу турган аба ырайы кескин өзгөрүп, дароо эле суук болуп кетти. Айрым жерлерде кар калың түшкөнү кабарланып атат. Өлкөдө буга байланыштуу абал кандай? Кайсы жерлерде кооптуу жагдайлар бар?

Б.Жолчиев: Туура айтасыз. Аба ырайы кескин өзгөрдү. Бул биздин министрликтин алдындагы Гидрометерологиялык агенттиктин маалыматына дал келип атат. Негизинен, бул айда жана кийинки айда былтыркы жылга салыштырмалуу жаан-чачын 1,5 эсеге чейин көп болот. Нымдуулук дагы көп болот. Анан кардын көп жаашы тууралуу да бизге алдын ала маалыматтар берилген.

Кооптуу аймактар тууралуу айта турган болсок, булар Кара-Кулжа районунун Алай-Куу аймагы, Чаткал районунун Чапчыма ашуусу, Нарындан Торугарт жолу жана Бишкек – Ош жолунда кооптуулук күтүлөт. Эми бул боюнча биз аракет жүргүзөбүз.

Биз чукул чара көрүп, аракет кылып, айрым жайлоолорго жакын жайгашкан кыштоолордо жолдор жабылып, элдер калып кетпеши керек. Көбүрөөк нымдуулук болуп аткандыктан, жер көчкүлөрдү алдын алуу аракети жасалып атат. Андай кооптуу жерлер аныкталууда. Андыктан биз бардык мамлекеттик мекемелерге, тиешелүү министрликтерге биз эскертүү кагаздарын жөнөттүк.

Дагы бир маселе, жолдордун бөгөлүп калуусун болтурбоо максатында иштерди уюштуруп, күйүүчү майлардын запастарын толуктап атабыз. Бул жылда болуучу иш-чара. Бирок ошондой болсо да быйылкы жылдын аба ырайы өткөн жылга караганда өзгөчө болот деген божомол бар. Ошол себептүү биздин министрлик жер-жерлерде бийлик түзүмдөрү менен жумушту күчтөндүрүшүбүз керек.

- Нарын облусунда буга чейин эле кар калың жаап, сиздердин министрлик тик учак жөнөткөн эле. Ошол жакта, дегеле тоолуу аймактарда абал кандай?

Б.Жолчиев: Бийик тоолуу аймактарда, өзгөчө Нарында бийик жайлоолордогу элдерди түшүрүү боюнча иш-чара жүргүзүлгөн. Азыр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү толук маалымат берген жана кар калың түшкөн жерлерде калып калган адамдар жок. Чынын айтканда быйыл Нарын облусунда кар болуп көрбөгөндөй калың жаады. Көптөгөн мал жандыктардын өлүмүнө алып келди.Эми бул табият мыйзамы экен. Табият мыйзамы өз өктөмүн көрсөтүп койду. Ошентсе да биз Транспорт министрлиги менен өзгөчө жол маселесинде биргелешип иштеп атабыз.

Мисалы, Эркештам, Алай-Куу багытындагы жолдор, Бишкек – Ош, Чапчыма – Чаткал, Торугарт багыты боюнча жолдор боюнча чогуу иштешип атабыз. Анткени быйыл өтө көп кар жаап, Алай-Куу аймагында 1,5 метрге чейин кар жаады да. Ушундай кырдаалда биргелешип иштөө, өзгөчө даярдыкта иштөө керектиги мурда белгилүү болгон. Быйыл эми өкмөттүн алдында мекемелер аралык комиссиянын кеңейтилген отурумун өткөрөлү деп атабыз. Ошондо бардык маселелерди карайбыз. Ага бардык материалдарды даярдап койдук. Маселен былтыр бир айлап ачылбаган жолдордун себептерин аныктап койдук. Эми азыр өкмөттүн курамы такталгандан кийин карайбыз го. Анткени жанагы комиссиянын төрагасы – өкмөттүн башчысы.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG