Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

“Мыйзамдуулук – коопсуздуктун кепили” аттуу талкуу өтүп жатат


Иш-чарага президенттик администрация башчысы Э. Каптагаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов баштаган бийлик жана жарандык коом өкүлдөрү катышууда. Тегерек үстөлдө учурдагы кырдаал, шайлоонун жыйынтыктары өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга тийгизге таасири тууралуу сөз болууда. Жыйындын башында сүйлөгөн Эмилбек Каптагаев 10-октябрдагы парламенттик шайлоо акыйкат, административдик кийлигишүүсүз өткөнүн белгилеп, шайлоонун жыйынтыгын коргоп калууга чакырды. “Шайлоо жыйынтыгынын кечигип жатканы шайлоочуларды күдүк ойлорго салып атат, бардыгы бийликти күнөөлөшөт. Азыр деген протоколдорду салыштырып текшерүү жүрүп жатат, ошондуктан убакыт бир аз созулууда, мурда бир да жолу мындай болгон эмес, ошол үчүн тынчсыздануулар болуп жатат” деди президенттик администрация башчысы.

Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматтар кечигип жатканы эл ичинде ар түрдүү күдүк ойлорго түртүп атканын “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова да өз сөзүндө белгилеп кетти. Ал эми БШК төрагасы Акылбек Сариев бардык протоколдор келип бүтүп, салыштырылып текшерилмейинче Боршайком расмий жыйынтык чыгара албасын билдирди. Анын айтымында, чет мамлекеттердеги айрым шайлоо участокторунан добуш берүүнүн түп нуска протоколдору келе элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG