Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

М. Токоев: Журналисттер өз укугун билбегенинен жабыркашат


Айрым жумуш берүүчүлөр журналисттерди сыноо мөөнөтүндө акысыз иштетишет, бул Кыргызстандын Эмгек кодексине каршы келет деди “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев журналисттердин республикалык жыйынында. Анын айтуусунда журналисттерди жарым жыл практикадан, андан кийин бир жыл сыноодон өткөрүү менен жумуш берүүчүлөр мыйзамды бузушат. Ошондой эле айрым жетекчилер сыноо мөөнөтү убагында калем акы төлөбөй койгону да мыйзам бузууга жатат. М. Токоевдин айтымында, иш жүзүндө жаш журналисттердин гана эмес, тажрыйбалуу редакторлордун да укугу тебеленген учур көп кездешет. Өзгөчө мамлекеттик маалымат каражаттарында иштеген баш редакторлорду алдын ала маалымдабай туруп, кызматынан алып койгон учурлар арбын дейт М. Токоев.

“Журналисттер” бирикмеси басма сөз кызматкерлеринин укугун коргоо максатында журналисттердин профсоюзун түзүү демилгесин көтөрүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG