Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

“Санпадагы” киши өлтүрүү окуясы боюнча сот болот


Сузактагы пахта иштетүүчү “Санпа” заводунун жанында болгон киши өлтүрүү окуясы боюнча соттук териштирүүдө бүгүн айыпталуучулар көрсөтмө беришет. Кечээ жабырлануучулар менен күбөлөр көрсөтмө беришкен. Ишти Сузак райондук соту кароодо, коопсуздукка байланыштуу процесс Ноокен районунда өтүп жатат. Бул окуя боюнча 19 киши айыпталууда.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюнда, Сузактагы “Санпа” пахта иштетүүчү заводдун жанында 500-1000 чамалуу киши чогулуп, жолдон каттаган унааларга ок чыгарып, кол салышкан. Облустук ички иштер башкармалыгы бул күнү 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгонун, 9 унаа өрттөлгөнүн маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG