Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

А.Аскаровдун апелляциялык соту Таш-Көмүр шаарында болот


Соттук териштирүүнү 25-октябрда Жалал-Абад облустук соттук коллегиясы карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” сотко күбө катары чакырылган укук коргоочу Азиза Абдырасулова маалымдады. Укук коргоочу сотту коопсуз аймак катары Таш-Көмүр шаарында өткөрүү тууралуу облустук соттун чечимине адвокаттар да нааразы болуп жатышкандыгын кошумчалады. Анын айтымында, сот Бишкекте же Жалал-Абад шаарында өтсө деген өтүнүч болгон.

15-сентябрь күнү Сузак райондук соту 13-июнда Базар-Коргондо милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн, башаламандык уюштурган деп айыпталган укук коргоочу А. Аскаров баштаган төрт кишини үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну, дагы экөөнү жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү өкүмүн чыгарган. Буга макул болбогон адвокаттар өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен облустук сотко кайрылышкан.

Сузак райондук соттун чечимине "Human Rights Watch" уюму жана айрым укук коргоочулар да макул болбой, чечим адилетсиз чыгарылды деп айыпташкан. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG