Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Франция Сенаты пенсия реформасын колго салат


Француз полициясы өткөн түнү Париждин четиндеги Гранпюи мунай иштетүүчү ишканасынын жолун өкмөттүн пенсияны реформалоо планына нааразы демонстранттардан тазалады. Өлкөдөгү 12 мунай иштетүүчү ишкана менен күйүүчү майларды сактоочу жайларды 10 күндөн берки камалоонун кесепетинен май куйчу жайлардын көбү какшып турат. Анын айынан күйүүчү май бир айдоочуга бир күнгө 40 еврого гана сатылып калган жана көпчүлүк жерлерде бир литр бензин 1 евро 37 центке чыгып кетти. Бүгүн Франциянын Сенаты пенсия курагын 2018-жылдан азыркы 60 жаштын ордуна 62 жашка көтөрүү жөнүндөгү мыйзамды колго салат.

XS
SM
MD
LG