Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Бишкекте ачкачылык акциясы башталды


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он эки жактоочусу ачкачылык жарыялады. Акция алардын биринин үйүндө өтүп жатат. Ачкачылык кармагандардын баары аялдар. Ачкачылык жарыялагандар Шайлоо кодексиндеги 5% босого боюнча мурдагы эрежени өзгөртпөөнү, парламенттик шайлоодо 145 миңден ашуун добуш алган “Бүтүн Кыргызстан” партиясын парламентке кое берүү талабы менен ачкачылык акциясын башташканын партиянын башкы штабынан “Азаттыкка” маалымдашты. Ачкачылык жарыялагандар талаптары аткарылмайынча нааразылык акциясын токтотпой турганын билдиришти. Аталган акция тууралуу Саламаттыкты сактоо миинстрлигине жана Акыйкатчы институтуна маалымдалган.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы парламенттик шайлоодо БШКнын мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы боюнча 145 461 добушка ээ болгон. БШКнын шайлоого чейин берген маалыматы боюнча жалпы 2 млн. 836 567 шайлоочунун 5% добушун алуу үчүн партиялар 141 828 добуш алууга жетишүүсү керек болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодон кийин негизги жана кошумча тизме деген түшүнүктөр бар экендигин, беш пайыздык босогону ошол эки тизмени кошкондон кийин гана жетиштүү добуш топтогон партиялар өтөөрүн, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын добуштары ошол тосмого жетпей атканын айтып чыкты. БШК мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы юридикалык күчкө ээ эмес экенин белгилеп, кошумча тизмеден кийинки акыркы жыйынтыгын чыгара элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG