Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Брюсселден Роза Отунбаевага ачык кат жолдонду


Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмунун Брюсселдеги жетекчилиги Кыргызстандын президентине жолдонгон ачык катында Жалал-Абаттагы “Акыйкат” (“Справедливость”) бейөкмөт уюмуна жасалган кысым-басымдарга тынчсыздануу билдирилген. “Акыйкат” бейөкмөт уюму июнь коогалаңы тууралуу тараткан маалыматтары үчүн “киши өлтүргүчтөрдү коргоого алып жатат” делип коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган деп айтылат катта. Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк “Акыйкат” бейөкмөт уюмунун “Санпа” иши боюнча айыпталып жаткандарды жактоочулук кылганы үчүн да жабырлануучулардын кысымына кабылышканын белгилейт. Анда ошондой эле вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров менен болгон жолугушууда “Акыйкат” уюмун эл аралык уюмдардан акча алуу үчүн “жалган маалыматтарды таратып жатат” деген айыптоолор айтылганын, А. Бекназаров июнь коогалаңы боюнча иштеп жаткан бейөкмөт уюмдардын ишин текшерүүнү күч кызматтарына тапшырганы тууралуу жазылып, бул июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандарды коргоого алган адвокаттарга жана укук коргоочуларга терс мамилени күчөтөт деген тынчсыздануу айтылат. Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүктүн жетекчиси Брижитт Дюфор президент Роза Отунбаевадан “Акыйкат” уюмунун кызматкерлери менен катар укук коргоочулардын, адвокаттардын коопсуздугун камсыздоону, бийлик өкүлдөрүн укук коргоочуларга карата ар кандай терс билдирүүлөрдү жарыялабоого чакыруусун өтүнгөн. Ачык кат ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдин жана Баш прокурор Кубатбек Байболовдун атына да жолдонгон.

“Акыйкат” (“Справедливость”) бейөкмөт уюму адам укугун коргоочу уюм. Аталган уюм 2002-жылы Аксы окуясы тууралуу так маалыматтарды жарыялап турганы белгилүү.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG