Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Түркмөнстан Россияга дагы көп газ сатууга даяр


Бул жөнүндө президент Гурбангулы Бердимухаммедов бүгүн (22-октябрь) Каспий жээгиндеги Түркмөнбашы шаарында Россия президенти Дмитрий Медведев менен болгон кездешүүдө билдирди. Түркмөнстан мурда Россияга 40 миллиард куб метрге чейин газ саткан. Бирок Москва нарк талашынан улам былтыртан тарта 10 миллиард куб метрге газ алып калган. “2009-жылы эки өлкө арасындагы соода кыйла төмөндөп кетти”,-деди Бердимухаммедов. Өз кезегинде Медведев Каспийдин статусун деңиз бойлогон өлкөлөрдүн чогуу чечүүсүнө үндөдү:

- Каспий деңизи биздин байлыгыбыз. Биз бардык проблемаларды чечип, Каспий регионундагы кызматташууну өнүктүрө алабыз. Каспийдин табигый байлыктарын мыйзамый негизде өздөштүрүүгө Каспий боюндагы беш мамлекет жооптуу.

Россия вице-премьери Игорь Сечин түркмөн тарап менен сүйлөшүүдө Россиянын "Газпром" компаниясынын Түркмөнстан-Пакистан-Индия газ боросунун долбооруна катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүлгөнүн билдирди. 1700 чакырымдык куур менен жылына 33 миллиард куб метр газ ташылат деп мерчемделүүдө.

XS
SM
MD
LG