Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Расмуссен: Ооганстандагы аракетибиздин майнабын көрдүк


НАТОнун башкатчысы Андрес Фог Расмуссен Берлинде Германия канцлери Ангелла Меркель менен кездешти. Жолугушууда Ооганстандагы кырдаал, Европанын ракетадан коргонуу системасы жана альянс менен Россия алакасы талкууланды. Расмуссен НАТОнун быйыл согуштук аракеттерди күчөтүүсү үзүрүн берип жатканын айтты:

- Азыр биздин операциябыз талиптердин ордосуна түз багытталууда. Козголоңчулар мурда болуп көрбөгөндөй кысымга алынууда. Биздин быйылкы максатыбыз жагдайды өзгөртүү болчу. Ага жетиштик.

Расмуссен ноябрда болчу Россия-НАТО кеңешинин жыйынында НАТО-Россия арасындагы узак жылдык стратегиялык өнөктүк түптөлөт деген тилегин да билдирди. Меркель айым Европанын ракетадан коргонуу системасын талкуулоого Россиянын каршылык көрсөтпөгөнүнө канааттанганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG