Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

АКШ Пакистанга 2 миллиард долларга аскерий жардам берет


Бул жөнүндө 22-октбрда Мамкатчы Хиллари Клинтон Вашингтондо Пакистан премьер-министри Шах Мехмуд Куреши менен болгон кездешүүдө жарыялады. Клинтон айым Пакистандын жергиликтүү согушчандарга каршы аракетин жактырды:

- Кошмо Штаттар эки жакка коркунуч туудурган контр-террордук күрөштө Пакистандан артык кубаттуу ынагы жок. Биз пакистандык аялдар менен эркектердин, өзгөчө аскерлердин жанын курмандыкка салганын баалайбыз. Алар тартипти сактоо үчүн жана Пакистандын мамлекеттик мекемелерине болгон коркунуч туудургандарга каршы жан аябай күрөшүүдө.


Хиллари Клинтондун айтышынча, президент Обаманын кеңсеси Конгресске кайрылып, 2012-16-жылдары Пакистанга 2 миллиард долларга аскерий жардам бөлүүнү өтүнөт.

АКШ былтыр Пакистанга мектептер, инфраструктура жана башка социалдык объектилер үчүн 7,5 миллиард доллар чегерген. Ошондон тарта Исламабад ислам экстремисттирине каршы жапырыкты күчөткөн. Бирок Ак Үй Конгресске жиберген докладында Исламабад Пакистандагы базаларды пайдаланып, Ооганстанга жортуул жасаган талиптерге каршы жетерлик согушпаганы белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG