Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Шайлоонун жыйынтыгы качан чыгаары белгисиз


Бул туурасында “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов билдирди. Анын айтымында, азырынча иш канча убакытты талап кылаары белгисиз болуп жатат.

Ушул тапта шайлоо участокторунан буга чейин келип түшкөн түп нуска протоколдор салыштырылып, текшерилип бүттү. Абдымомун Мамараимовдун айтымында, участкалык шайлоо комиссиялары протоколдорду туура эмес толтурган учурлар болгон. Буга алардын тажрыйбасыздыгы себеп болгон. Азыр БШК салыштыруу иштеринин жыйынытыгында түзүлгөн актыларды изилдеп жатат.

10-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүү протоколдорунун түп нускалары менен көчүрмөлөрүн салыштырып, текшерүү ишине БШК 20-октябрь күнү киришкен. Бул жараянга шайлоого катышкан саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да катышкан. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG