Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Аба ырайы


24-октябрда Кыргызстандын дыйканчылык райондорунда -1…-6 даражага чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү казылып алынган жана жабылбаган кант кызылчасына коркунучтуу.
Бул күнү Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5 даража суук, күндүз 9…14 даража жылуу
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6 даража суук, күндүз 7…12 даража жылуу
Баткен облусу түнкүсүн 0…-2 даража суук, күндүз 12…17 даража жылуу
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…2 даража жылуу , күндүз 15…20 даража жылуу
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6 даража суук , күндүз 3…8 даража жылуу
Нарын облусунда түнкүсүн-1…-6 даража суук , күндүз 3…8 даража жылуу
Тоолордо түнкүсүн -17…-22 даража суук , күндүз -9…-14 даража суук.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Түнкүсүн 0…-2 даража суук болуп, үшүк жүрөт. Абанын температурасы күндүз 12…14 даража жылуу болот. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG