Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

К.Ташиевдин үйүндө тирешүү орун алды


Бүгүн кечке жуук “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүндө жаңжал орун алды. “Азаттыктын” кабарчысы Мирлан Токталиевдин айтымында, адегенде 2 киши үйдүн айланасында акмалап жүргөн. Ташиевдин сакчылары алардын эмне кылып жүргөнүнө кызыкканда экөөнүн бирөө качып кеткен. Көп өтпөй 15 чакты бала топтолуп келип, эч кандай түшүндүрмө бербестен Ташиевдин сакчылары менен мушташа кеткен. Уруш маалында 5 ок атылган. Кабарчыбыздын маалымдашынча, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн белгисиз адамдарга тиешелүү 3 тапанча жана бир кызматтык күбөлүк табылган.

Ушул тапта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери окуя болгон жерде териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Камчыбек Ташиев учурда милициянын суроолоруна жооп берүүдө.

Окуя болгон жерде Ташиевдин санаалаштары Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков жана “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов жүрөт.

Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров окуя териштирилип жатканын, бул тууралуу кенен маалымат эртең берилерин "Азаттыкка" маалымдады.

Президенттик администрация башчысы Эмилбек Каптагаев "Азаттыкка" курган маегинде бул окуяны прокуратура териштирип жатканын, андыктан аны алдын ала саясатташтыруунун кажети жоктугун айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG