Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Бишкекте митингге чыккан атажуртчулар тарады


"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, "Ата-Журт" партиясынын таламын талашып, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында чогулгандарды аталган партиясынын лидерлери келип таратты. Партия жана Жогорку Кеңештин алдына чогулгандар президент Роза Отунбаевага УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевди кызматтан алуу боюнча кайрылуу жолдошту.

Кечээ кечке жуук “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин Чоң-Арык айылындагы үйүндө жаңжал болуп, анын сакчыларына 15 чакты адам кол салып, окуя болгон жерде алардын үч тапанчасы жана кызматтык күбөлүгү калган. Камчыбек Ташиев муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, чагымчыл аракет үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди айыптаган.

Кеңешбек Дүйшөбаев болсо күнөлүүлөр табылса, Камчыбек Ташиев негизсиз койгон дооматтары үчүн кечирим сурашы керектигин билдирүүдө.

Президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев окуя териштирилип жатканын, андыктан алдын ала аны саясатташтыруунун кажети жоктугун айтууда.

Бүгүн "Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери Жалал-Абадда дагы митинг өткөрүштү. Партиянын тарапкерлеринин бири Абдысамат Таязовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн саат он бирде облустук мамлекеттик администрациянын алдына бир жарым миңге чукул киши чогулду. Алар Камчыбек Ташиевге кол салуу окуясы боюнча УКМКнын төрагасын айыпташты, окуяга тиешеси бар УКМКнын кызматкерлерин жоопко тартуу, КТРКдан “Ата-Журт” партиясын бир жактуу каралоо аракеттерин токтотуу талабын билдиришти. (AzK)

XS
SM
MD
LG