Токионун четинде өлкөнүн өздүк коргонуу күчтөрүнүн парадында сөз сүйлөп, премьер-министр Наото Кан Түндүк Кореянын ядролук программасы, ошондой эле Кытайдын аскерий күч-кубатынын өсүп жатканы айрыкча камтамачылык жаратып жатканын белгиледи. Премьер Токио менен Вашингтондун аскерий-саясий союзун чыңдоонун маанисин баса көрсөттү. Мунун алдында Пхенянга Кытайдын аскерий делегациясы келген эле. Тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Кытай менен Түндүк Кореянын мамилелери дагы жакшырат деп билдиришти.