Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Сүлүктүдө Исхак Раззаковдун жүз жылдыгы эскерилет


Бүгүн Баткендин Сүлүктү шаарындагы гуманитардык-экономикалык институтунда "Исхак Раззаковдун саясий ишмердүүлүгү жана азыркы мамлекеттик саясат” аттуу илимий жыйын өтөт. Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинен “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мамлекеттик деңгээлде белгиленбейт.

Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. 1979-жылы Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакта калган. Маркумдун сөөгү 2000-жылы мекенине алып келинип, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө сый-урмат менен коюлган. И. Разаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жарыкка келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG