Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

“Ата-Журт” К. Дүйшөбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда


Аталган партиянын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков мындай талап президент Роза Отунбаевага жөнөтүлгөнүн, алардын кийинки кадамы президенттин жообунан кийин анык болоорун билдирди. Кечээ Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында “Ата-Журт” партиясынын 2 миңге чукул тарапкери чогулуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Кеңешебек Дүйшөбаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акция өткөрүштү. Партия лидерлеринин бири К. Ташиев 23-октябрда өз үйүндө болгон окуяны саясий ишмердиги менен байланыштырып, анын өмүрүнө кол салуу аракети болду деп билдирүүдө. Бул үчүн Коопсуздук кызматын айыптап чыкты. УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Камчыбек Ташиевдин баардык дооматын четке кагууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG