Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Иран батышчыл илимдерди университеттерде окуттурбайт


Ирандын билим берүү министрлиги университеттерде айрым сабактарды окутууну токтоттурат. Министрликтин жооптуу кызматкери Абулфазил Хасанинин “Арман” гезитине айтышынча, “12 сабак, анын ичинде мыйзам, адам укуктары, менеджмент, социологиянын философиясы, психология, саясый илимдер сыяктуу предметтер ислам окуусуна ылайык каралып көрүлүүгө тийиш”. Жогоруда саналган предметтер, Хасанинин айтымында, Батыштын идеологиясына ашыкча сугарылыптыр.

Ирандын консервативдүү жетекчилиги Батышты өлкөдөгү жаш муунга Батыштын “бузуку” маданиятын жайылтууга аракет кылат деп айыптап келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG