Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

БУУнун чабарманы талиптер менен сүйлөшүүнү колдоду


БУУнун башкатчысынын Ооганстандагы чабарманы Стэффан де Мистура Ооган жериндеги согушту сүйлөшүү аркылуу гана токтотуу мүмкүн деп ишенет жана ага бар жарадамын аябасын билдирди. Бирок ал сүйлөшүүнүн жыйынтыктоочу бөлүгү дайыма кооптуу болот деп эсептейт.

Президент Карзай узактан бери талиптер менен сүйлөшүү зарыл деп келет. Карзайдын айтышынча, анын өкмөтү талип козголоңчулары менен алдын ала байланышка чыккан жана азыр оогандардай эле АКШ менен НАТО жетекчилиги 10 жылдан берки согушту сүйлөшүү жолу менен бүткөрүү мүмкүнчүлүгүн издешүүдө. Талип адаватчылары Ооган өкмөтүнүн мындай демилгесин пропаганда деп четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG