Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:49

Башкы прокуратура Чоң-Арыктагы окуяны териштирүүдө


“Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүндө чыккан жаңжалга байланыштуу Башкы прокуратура териштирүү, тактоо иштерин баштады. Кылмыш иши - тактоо иштери аяктаган соң козголмокчу. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокурордун маалымат катчысы Кубанычбек Сабыров билдирди. Анын айтымында, ишемби күнү Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында жайгашкан К.Ташиевдин үйүндө болгон жаңжал боюнча тактоону талап кылган түшүнүксүз нерселер көп. Андыктан кылмыш ишин козгоодон мурда айрым маалыматтарды тактоо керек болууда. Бул боюнча Башкы прокуратура түштөн кийин кененирээк маалымат бермекчи. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG