Линктер

ишемби, 25-февраль, 2017 Бишкек убактысы 19:58

Сот укук коргоочу А. Аскаровдун доо арызын карап баштады


Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун доо арызын Жалал-Абат облустук соту ушул тапта Таш-Көмүр шаарында кароону баштады. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы сот залынан билдирди. Облустук соттон билдиришкендей, Таш-Көмүр шаары коопсуз аймак катары тандалып алынды. Буга чейин “Кылым шамы” бейөкмөт уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова сот процессинин Таш-Көмүрдө өтүшүнө адвокаттар нааразы болуп жатат, деп билдирген эле.

А.Аскаров 13-июнда Базар-Коргон районунда милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Сентябрдын ортосунда аталган райондун соту А.Аскаров баштаган төрт кишини үй-мүлкүн конфискациялап өмүр бою эркинен ажыратуу, дагы экөөнү жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Райондук соттун чечимин айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан болчу. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG