Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун иши сотко өттү


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев менен президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Үсөн Сыдыковго карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучулардын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Анын айтымында, эми бул ишти Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту карамакчы. Бирок азырынча соттук кароо күнү белгилене элек.

Улуттук коопсуздук кызматы Ү.Сыдыков менен И.Масалиевге карата 12-13-май күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну, бийликти басып алууну пландашкан деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG