Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:40

К. Дүйшөбаев: УКМК К.Ташиевдин үйүнө кол салган эмес


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүнө кол салган эмес. Мындай пикирин бүгүн УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынын билдирди. Анын айтымында, 23-октябрда УКМКнын үч кызматкери К.Ташиевдин үйүнөн анча алыс эмес жерде баңги заттарына байланыштуу операция менен жүрүшкөн. Бирок аларды К.Ташиевдин көптөгөн жан сакчылары кармап, үйгө алып кирип кетишкен. Муну уккан он чакты УКМК кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барып, К.Ташиевдин үйүндө кармалып тургандарды бошотууга аракет кылышкан. Натыйжада эки ортодо жаңжал чыгып кеткен.

“Бул окуяны К.Ташиев саясатташтырып, упай топтоого аракеттенип атышат. Биз эч качан мындай кол салуу уюштурбайбыз. Эгер биз кол салуу уюштурсак, баарын башкача жасайт болчубуз”,- дейт К. Дүйшөбаев.

Буга чейин К.Ташиев анын үйүнө кол салуу болгонун айтып маалымат жыйынын өткөргөн. Бул окуя үчүн ал УКМКны айыптап, бул мекеменин айрым кызматкерлерин жан сакчылары кармап алышканын билдирген. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG