Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

“Ата-Журттун” Бишкектеги митинги аяктады


“Ата-Журт” партиясы Бишкекте уюштурган митинг соңуна чыкты. Ага ар кандай эсептер боюнча 1500-2000 чамалуу адам катышты. Партия лидерлеринин бири Садыр Жапаров чогулгандардын алдына чыгып, Аскер прокуратурасы К.Ташиевдин үйүнө кол салуу боюнча тергөө иштерин баштаганын айтып, чогулгандарды таркап кетүүгө үндөдү. Анын айтымында, эгер бул боюнча тергөө иштери акыйкат жүрбөсө, партия 27-октябрда кайрадан митинг өткөрөт. Митинг маалында “Ата-Журт” партиясынын тизмесинде башкы орундарда турган мурдагы “Ак жол” партиясынын мүчөсү Ибрагим Жунусов аталган партиянын гимнин бир канча жолу аткарды. (IJz)

XS
SM
MD
LG