Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:39

Ошто нааразылык акциясы таркады


“Ата-Журт” партиясы Ош шаарында уюштурган митинг таркады. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жердер билдиргендей, акцияга жүзгө жетпеген адам чогулуп, УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Бишкекте да ушундай эле маанайдагы каршылык акциясы өтүп, көп өтпөй таркап кетишкен.

“Ата-Журт” партиясынын жетекчиси 23-октябрда өз үйүнө кол салуу болгонун, аны УКМК кызматкерлери уюштурганын айтып чыккан эле. УКМК жетекчиси мындай маалыматты төгүндөп, баңги заттарга байланыштуу операция менен жүргөн коопсуздук кызматкерлерин К.Ташиевдин үйүнөн анча алыс эмес жерден жан сакчылары кармап кетип, ошондон улам жаңжал чыгып кеткен. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG