Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

АКШ – Кыргызстан ортосунда жардам боюнча меморандумга кол коюлду


Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинде бүгүн кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосунда Кыргызстандагы экономикалык реформаларды колдоого багытталган 20 миллион долларлык грант берүү тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул каражат өлкөдөгү рынок экономикасын өнүктүрүү, бизнести колдоого багытталган реформаларды жүргүзүүгө жумшалмакчы. Ал эми бул максаттагы реформаларды ишке ашыруу үчүн Кыргыз-америкалык экономиканы өнүктүрүү фонду ишке киргизилип, аталган фондуну эки мамлекеттен дайындалган үчтөн өкүл башкармакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG