Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Ирандын Карзайга берген акчасы Вашингтонду түйшөлттү


АКШ Мадепартаменти Ирандын Ооганстанга акча берүүсүнүн жүйөөсүнө күмөнсүнүп, Тегеран “тарыхта дайыма коңшу өлкөлөрдү бейстабилдештирүүчү ролду ойногонун” билдирди. Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули 25-октябрда маалымдашынча:

- Суроо Ирандын Ооганстанга финансылык жардам берүү укугун, же Ооганстандын мындай жардамды кабыл алуусу жөнүндө эмес. Биз оогандардын өз келечегин коңшуларынын тескери таасирисиз кура алганы маанилүү деп ойлойбуз.

Билдирүү президент Хамид Карзай өз админстрация башчысы Умар Даудзай Ирандан нак акча алганын мойнуна алгандан кийин жасалды. Карзайдын сөзүнчө, Иран президенттин ырасмий чыгымдары үчүн бир жылда эки ирет бир миллион доллардан көп эмес акча берип турган. Иран “кап-кап акчаны” Ооганстандагы таасирин бекемдөө үчүн Тегерандагы мурдакы элчи Умар Даудзай аркылуу бергенин обол “Нью-Йорк Таймс” гезити маалымдаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG