Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Евробиримдик Лукашенкону 27 өлкөгө киргизбейт


Европа Биримдиги Беларустун даражалуу ырасмий адамдарынын уюмга мүчө 27 өлкөгө каттоосун дагы бир жылга же 2011-жылдын 31-октябрына чейин чектеди. Биримдиктин тышкы иштер минстрлери 25-октябрда Люксембургда өткөн жыйындан соң маалымдашынча, бу чара Беларуста саясый реформаны колдоо максатында жасалды. Евробиримдик Беларуста шайлоо жөнүндөгү мыйзамы менен сөз эркиндигинде оң жылыштар жок экенин белгилөө менен Минскини 19-декабрда болчу президенттик шайлоону эл аралык стандартка ылайык өткөрүүгө чакырды.

Биримдик 2006-жылкы Беларустагы жалпы элдик шайлоодон соң президент Александр Лукашенконун жана ондогон мартабалуу чиновниктердин уюмга мүчө өлкөлөргө каттоосуна тыйуу салган.

XS
SM
MD
LG