Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Т. Акун: Коопсуздук кызматынын аракети мыйзамсыз


Акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыктын" студиясында.
Акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыктын" студиясында.

Акыйкатчы Т. Акун “Ата-Журт” партиясынын лидери К. Ташиевдин үйүндөгү окуя боюнча УКМК аракеттери толук мыйзамсыз деп эсептейт.

“Азаттык”: К. Ташиевдин үйүндөгү окуяны иликтеп чыккан экенсиз, алдын ала кандай тыянакка келдиңиз?

Т. Акун: Бул маселени биз дагы иликтеп көрдүк. Алгач К. Ташиев менен байланыштым. Андан сырткары ошол жердеги адамдар менен сүйлөштүм. Ошол күнү саат бештер чамасында УКМКнын кызматкерлери курал-жарак менен кирип келген. К. Ташиевдин жан сакчылары аларды токтотуп, тигилер ок чыгарган. Түз эле үйлөрүнө кирип келген. Ташиев өзү да чыккан. Бул болгон окуя. Ал эми УКМКнын жетекчилиги “жок, андай болгон эмес, биз башка үйгө кирели дегенбиз, жаңылып кирип алдык”, - деп атышат. Эми бул болбогон нерсе да. Бул баланы алдагандай нерсе. Анын үстүнө “биздин кызматкерлер 2 саат бою алыста турган, анан Ташиевдин кишилери жүгүрүп келген”, деп атышат. Ушинтип да көз көрүнө алдашабы. Ошондуктан биз Коопсуздук кызматынын аракетин толугу менен мыйзамсыз деп эсептейбиз.

Акыркы убакта УКМКнын аракеттери, пикетке митинге чыккан адамдарды куугунтуктап, алардын артынан түшүп, айрыкча мобул Урмат Барыктабасовдун кишилеринин артынан түшүп, Нарынга, Кочкорго, тетиги Баткенге чейин барышып, үйлөрүн тинтип... Бул да ошондой эле. К. Ташиев азыр чоң саясатчы болуп жатат, анын партиясы биринчи орунду алып жатат. Ошондуктан анын артынан куугунтук болду деп эсептейбиз. Мындай аракеттер жөн жерден болбойт.

“Азаттык”: Дегеле бул окуя эмнеден кабар берет?

Т. Акун: Азыр УКМКга тынчтыктын кереги жок. Кандайдыр бир деңгээлде мамлекетти бүлүккө салыш керек. Партиялардын намысын козгоп, аларды пикетке үндөп будуң-чаң болушун каалап атышат.

“Азаттык”: Эмнеге минтип ойлоп жатасыз, УКМКга бул эмне берет?

Т. Акун: Кандайдыр бир деңгээлде кошомат кылуу болуп жатат. “Мекен шейиттери” жана башкалар “Ата-Журт” партиясын алып салуу, кээ бир мүчөлөрүн кетирүү боюнча иштер жүрүп, эл арасында коомдук пикир түзүлүп калбадыбы. Ошондуктан ушундай кезде алардын үстүнөн чаң салып, элдин арасында авторитетке жеткиси бар. К. Дүйшөбаев авторитетке жеткиси келип жатат деген оюм бар.

Бул Дүйшөбаевге да, азыркы бийликке да аброй алып келбейт. Мына элдер түштүктөн пикетке чыгып жатышат. Борбордогу оюнуңарды токтоткула деп мага чалып жатышат. Дүйшөбаевдин буга чейинки эле жасаган иштери жетиштүү да. Кичине арыдан бери болушу керек да. Уят да. Адамдардын укугу бар. Ташиевдин да укугу бар. Жөнөкөй атуулдардын деле тынчтыгын бузуп, үйүнө кирип келгенге кимдин укугу бар.

“Азаттык”: Бул тирешүүгө кантип чекит койсо болот? Мына кылмыш иши козголду. Коопсуздук кызматтын түшүндүрмөлөрүнө “Ата-Журт” партиясы ишенбей, “атажуртчулардын” айткандарын улуттук коопсуздук кызматы төгүндөбөй жатат

Т. Акун: Чекитти президент Роза Отунбаева эле коюушу керек. Ал киши Ташиевди кабыл алды, Дүйшөбаев менен да сүйлөшсө керек. Алардын аргументтерин байкашы керек. Кандайдыр бир комиссия түзүп иликтеп чекит коюшу керек. Тиешелүү органдардын жетекчилерине тишелүү жаза берилиши керек. Мен эми Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан кетсин деп айта албайм. Аны мен эмес, президент өзү чечет. Бирок шайлоонун жыйынтыгы минтип чыкпай жатса, элдер сарсанаа болуп жер-жерлерде пикет-митинг болуп атса коомчулукка бүлүк салып жатышат. Эмне ушул провокация жетишпей жатты беле?

Андан сырткары К. Ташиевдин жан сакчылары да байкашы керек болчу. Алар Коопсуздук кызматынын кызматкерлерин сабап, кечээ телевизордон көрсөтүштү, ал балдар жаракат алып ооруканада жатат. Алардын аракетин да туура эмес деп эсептейм. Кызматкерлер кирип барган күндө да денесине жаракат келтирбей, акт түзүп тартип коргоо органдарына бериши керек. Сөзсүз эле мушташыш керекпи?

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG