Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Жалпы улуттук конгресс добуштардын баарын саноону талап кылууда


Парламенттик шайлоодо аз добуш топтоп, кийин Жалпы улуттук конгресске биригишкен саясий партиялар президентке, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына жана башкы прокурорго ачык кайрылуу жолдошту. Анда БШК шайлоо маалындагы мыйзам бузууларды техникалык ката катары көрсөтүп атканы, шайлоо протоколдорун Бишкекке алып келүү иштери шек туудурганы айтылып, убакыттын созулуп кетеринен коркпой, өлкө боюнча бардык добуштарды кайра санап чыгуу талап кылынган. Эгер айтылган талаптар аткарылбаса Жалпы улуттук конгресстин атынан кайрылууга кол койгон партиялар шайлоо жыйынтыктарын тааныбай тургандыктарын билдиришүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG