Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Акыйкатчы К.Ташиевдин үйүндөгү жаңжал боюнча билдирүү жасады


Акыйкатчы Турсунбек Акун “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин үйүндө 23-октябрда чыккан жаңжал боюнча билдирүү жасады. Анын айтымында, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы эки жумадан бери чыкпай, өлкөдө кырдаал ансыз да курч болуп турат. Ушундай шартта шайлоодо эң көп добуш топтогон партия жетекчисинин үйүндө кагылыш чыгышы, ага Улуттук коопсуздук кызматы тиешелүү болуп калганы абалды ого бетер курчутууда. Ошол себептүү акыйкатчы УКМКны репрессиялык ыкма менен иш жүргүзүүнү токтотууга, баш мыйзамды жана демократиялык принциптерди карманууга чакырууда. Ошондой эле ал жаракат алган УКМК кызматкерлери боюнча дыкат иликтөө жүрүшүн, күнөөлүлөр жазаланышы керектигин баса белгилейт.

23-октябрда Камчыбек Ташиевдин Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылындагы үйүнүн жанында сакчылар менен УКМК кызматкерлери мушташа кеткен. К.Ташиев муну кол салуу катары баалап, аны УКМК уюштурганын айтып чыккан. УКМК жетекчиси К.Дүйшөбаев мындай айыптоолорду четке кагууда. Башкы прокуратура бул иш териштирилип жатканын билдирген. (IJz)

XS
SM
MD
LG