Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Бүгүн Бажы биримдигинин оң-терс жактары талкууланат


Бишкектеги “Хаят” мейманканасында “Бажы биримдигинин Кыргызстандагы бизнеске таасири” аттуу ачык талкуу өтөт. Жыйынды Эл аралык ишкерлер кеңеши уюштурууда.

Маалыматка ылайык, жыйынга өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев, экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев, бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов, бизнесмендер, экономисттер жана Казакстан менен Орусиянын бажы кызматынын адистери катышат.

Жыйында Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кандай пайда табат, мунун кандай терс жактары бар, бизнесмендер кандай кыйынчылыктарга туш болушат жана кандай пайда табышат, деген сыяктуу маселелер ортого коюлмакчы.
Беларусь, Россия жана Казакстан Бажы биримдигин түзгөн. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG