Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Укук коргоочулар кеңеши Ф.Куловдун планына тынчсызданууда


Бир катар ири укук коргоо борборлорун бириктирген Укук коргоочулар кеңеши “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун Бишкекте өтөрү пландалып аткан митингге атчандарды алып чыгуу планын сынга алышууда. Укук коргоочулардын айтымында, Ф.Куловдун митингге 300 атчанды алып чыгуу планы, аны коопсуздук катары түшүндүрүшү дегеле бардык мыйзамдарга, эл аралык милдеттенмелерге туура келбейт. Ошол себептүү митингчилердин коопсуздугун милиция камсыздашы керектигин айткан укук коргоочулар Башкы прокуратураны Ф.Куловго эскертүү берүүгө чакырышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG