Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Токтогулдагы суунун өлчөмү 19 млрд. 430 млн. куб метрге жетти


Токтогул суу сактагычындагы суунун өлчөмү бүгүн 19 миллиард 430 миллион куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Өткөн жылы ушул маалда Токтогулдагы суунун өлчөмү 12 миллиард 834 миллион куб метр болчу. Ал эми 2008-жылы суунун деңгээли 9 миллиард 525 миллион куб метрге чейин түшүп кеткен эле.

Ошол кездеги оппозиция муну бийликтеги коррупция менен байланыштырып, суу сатылып кеткенин айтып чыгышкан болчу. Ал эми мамлекет жетекчилиги жалпы өлкө боюнча катаал жарык өчүрүүлөрдү жүргүзгөн. Азыр бийлик өкүлдөрү быйыл кышта жарык өчпөсүн убада кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG