Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Акыйкатчы Ф.Куловду митинг өткөрбөөгө чакырды


Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттык” үналгысы аркылуу “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловго кайрылып, эртең Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында атчандар катышкан митингди өткөрбөөгө чакырды. Акыйкатчынын айтымында, БШК шайлоо протоколдорун салыштырып аткан маалда мындай митинг өткөрүү – БШКга басым жасоо болуп саналат. Ошондой эле мындай митинг каршы митингдерди да жаратып, абал оорлошу мүмкүн.

“Булар жөн эле митинг өткөрбөй, атчандарды алып келебиз деп атканы кооптондурат. Ф.Куловдун мурдагы митингдери, Бириккен элдик фронту, “Канжар” уюму эмне болгонун баарыбыз билебиз. Анда жөнөкөй жарандар жабыркап, уюштуруучулар жооп бербей коюшкан”,- дейт акыйкатчы. Ошол себептүү ал Ф.Куловго кайрыларын, кырдаалды курчута турган кадамдардан алыс болууга үндөөрүн билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG