Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

МАГАТЭ Иранды эл аралык милдеттенмелерин аткарууга үндөдү


Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги - МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано Ирандын ядролук программасына тынчсыздануу менен, бардык эл аралык милдеттенмелерин толук аткарууга чакырды:

- Мен Иранды өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча конкреттүү кадамдарды жана конкреттүү чараларды жасоосун сурайм.

БУУнун Копсуздук Кеңешине мүчө беш ядролук держава жана Германия Иранды өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү улантууну, атомдук ишканаларын МАГАТЭге толук текшертүүнү, анын ордуна соода жана дипломатиялык жеңилдиктерди берүүнү сунуш кылган. Сунушка Тегеран жооп айта элек. АКШ бийликтери Иран өзөктүк бомба жасоого аракеттенүүдө деп кооптонот.

Иран 26-октябрда Бушер АЭСин реакторуна уранды жүктөй баштаганын билдирди. Бушер АЭСи Орусиянын жардамы менен курулган.

XS
SM
MD
LG