Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

“Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзам долбоору Венеция комиссиясына жиберилди


Акыйкат министрлиги аталган мыйзам долбоорун 8-сентябрда коомчулуктун кеңири талкуусуна койгон болчу. Талкуунун жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлер, сындар эске алынып кайрадан иштелип чыкты. Долбоорго ылайык, күч колдонбой, куралсыз, адам укуктарына каршы келбеген бардык жыйындар тынч чогулуулар деп аталат. Мындай жыйындарды жаш курагына, жынысына карабай бардык адамдар каалаган мөөнөтүндө, каалаган жерде өткөрө алат. Ал эми тынчтык пикетин өткөрбөө чечимин сот гана чече алат жана ошол жай кооптуу деп эсептелсе, анда орду которулат. Митингге чыккандардын коопсуздугун милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик камсыз кылат.

Буга чейин тынч маанайдагы митинг-пикеттерди өткөрүү кыйынга туруп, ага сөзсүз түрдө жергиликтүү бийликтен уруксат алуу эрежелери киргизилген болчу. Ошондой эле мурда митингди каалаган жерде эмес, бир гана белгиленген жайда өткөрүүгө мүмкүн болгон. Бирок укук коргоочулар бул Баш мыйзамга жана эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин айтып келишкен. Азыркы мыйзам долбоордо мындай чектөөлөр алынып салынды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG