Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

“Ата-Журт” тарапкерлерин митингге чыкпоого чакырды


“Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши жактоочуларын бүгүн митингге чыкпоого үндөп билдирүү таратты. Билдирүүдө аталган партия 27-октябрда митинг өткөрөрү тууралуу Бишкек шаар мэриясына кайрылганы, бирок мэрия уруксат берүүдөн баш тарткандыгы кабарланган. Ушундан улам “Ата-Журт” партиясы тарапкерлерин акцияга чыгып, кырдаалды курчутпоого үндөдү. “Атажуртчулар” буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматтан кетишин талап кылып акция өткөрүшкөн. Партия лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев өлкөнүн коопсуздук кызматын өзүнүн үйүндө 23-октябрда болгон окуя үчүн күнөөлөп жатат. К. Дүйшөбаев болсо мындай дооматтарды четке какты. (EBM)

XS
SM
MD
LG